www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы учурда зордук-зомбулукка кабылып, ур-токмокко алынган аялдар көп катталууда. Мындан улам Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги зордук-зомбулукка кабылган аялдарды кабыл алчу өлкөдөгү кризистик борборлорду дарек, телефондору менен жарыялады.
Тизмеде аялдарга колдоо көрсөткөн борборлордун даректери, телефондору көрсөтүлдү.
Эске салсак, өткөн жылдын 31-декбарында Баткен шаарында 31 жаштагы келин ур-токмоктон каза тапкан. Андан көп күн өтпөй эле Кочкордо 37 жаштагы келин киши колдуу болуп жан берген.
Каргашалуу эки түндөгү окуяга шектүү катары келиндердин жолдоштору кармалган. Ал эми 9-январь күнү Каракол шаарында жарандык никедеги жубайына бензин чачып өрттөп жиберген деген шек менен күйөөсү колго түштү.
Бул окуяларга карата коомчулук эркектерди күнөөлөсө, айрымдары күнөө эки тараптан кетет деп талкуулашууда.
Белгилүү режиссер жана продюсер, Ырыс Окенова, Фейсбуктагы өздүк баракчасына азыркы учурда үй-бүлөлүк конфликт трагедия менен аяктап, мындай окуялар Кыргызстанда акыркы айда өтө көп катталып жаткандыгы кейиштүү экендигин жана мунун келип чыгышына бир гана эркектерди күнөөлөбөш керектигин билдирген.
“Акыркы учурда үй-бүлөлүк конфликт трагедия менен аяктап, бул окуялар кайталанганы өтө кейиштүү! Албетте, адам өмүрүнө коркунуч же өлүмгө алып келгенине мыйзам алдында жооп бериши керек. Бирок бир гана эркектерди күнөөлөбөш керек!...”,- дейт ал.
Булак: NazarNews.kg