www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москванын шаардык сотунун билдирүүсүндө Михаил Хачатурян эки кызына сексуалдык зордук көрсөтүп келген. Кристина жана Ангелина атасынан кордук көрүп келгенин ачыктады.
Ушул себептүү мындан ары кыздардын соту жабык режимде өтөт. Кыздардын жактоочусу Алексей Липцердин билдирүүсүндө кыздар сексуалдык кордук көргөнү сотто ачык режимде каралбайт.
Кыздардын жактоочулары учурда кыздарга карата туура чечим чыгарылат деген үмүттө кыздарды “өзүн өзү коргоо” беренеси менен актап берүүнү суранып жатат.
Эске салсак, 27-июлда Алтуфьев шоссесиндеги үйдөн Хачатуряндын мойнуна жана көкүрөгүнө миздүү нерседен жараланган жансыз денеси табылган. Адам өлтүрүүгө шектелип анын үч кызы кармалып, алар күнөөсүн мойнуна алышкан. Укук коргоочулардын айтымында, атасы кыздарын сабачу, мектепке жөнөтчү эмес жана кул катары пайдаланчу. Атасы андан сырткары кыздарын сойку катары да пайдаланып бир эмес бир нече жолу кыздарына кол салган. 2-августта сот эже-сиңди кыздарды 28-сентябрга чейин камакка алган.
Булак: NazarNews.kg