www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зордуктоо 5 эсе көбөйдү

Кыргызстанда эң көп жасалган кылмыш — бул уурулук. Өлкө боюнча ар бир 46 мүнөт сайын колу туткактык фактысы катталып турат.

КР Улуттук статистика комитети Кыргызстанда жасалган кылмыш иштеринин статистикасын чыгарды. Ага ылайык, эң көп жасалган мыйзам бузуу бул уурулук болуп чыкты.

2018-жылдын 11 айында уурулуктун көлөмү 12 пайызга көбөйүп, бөлө келгенде ар бир айга 943төн туура келет.

Ошондой эле алдамчылык 19 пайызга жогорулаган. Ай сайын 369 учур катталган. Андан сырткары, бейбашчылык да 17 пайызга көбөйгөн.

Ал эми адам өлтүрүү фактысы бир кыйла азайып, 2018-жылдын январынан ноябрына чейин 180 учур катталган.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, паракорлук да төмөндөп, 2018-жылдын 11 айында 42 учур каттоого алынган. 

Зордуктоо 5 эсе көбөйүп, 11 айдын ичинде 221 киши зордуктоонун курмандыгы болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости