www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы кодекс деген чыгып, эми камактагы айтылуу коррупционерлердин баары биринин артынан экинчиси үй камагына чыгып жатат. Бул жазаны шылдыңдагандык болот, дили бул таза элге урулган сокку болот!

Тигине, Генпрокуратуранын эң чоң кызматкери Кылычбек Арпачиев деген неме үй камагына чыгып жатат. Бул кылмышкер бирөөлөрдөн 200 миң доллар пара сурап, аныи 100 миңин алып жаткан жеринен колго түшкөн да 14 жылга кесилген! Мындай кылмышкерлер 14 жыл бою түрмөдөн чыкпай жатыш керек эмес беле?! Шоруң курган бийлик жаңы кодекс кабыл алам деп баш-аягын да таппай калды! Эми миллиондорду жегенге кенен жол ачылды. Ошол миллиондорду жеп, эки-үч жыл камалган болуп анан бошонуп кетсе боло берет экен да, - дейт "Багыт.kg" гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости