www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан түзүлгөн атайын комиссиялык топ облустук клиникалык оорукананын төрөт бөлүмүнүн ишмердүүлүгүн карады.

Анда шаар калкынын саламаттыгын сактоо, кош бойлуу энелерге жана ымыркайларга төрөт мезгилинде түзүлгөн шарттар менен жеринде таанышышты. Ага калаанын вице-мэри Руслан Алтымышев жана тийиштүү тармактардын адистери катышты. Комиссиялык курам акыркы мезгилдерде жашоочулар арасында нааразычылыктар көбөйүп, дарыгерлердин кош бойлуу энелерге көрсөтүүчү медициналык кызматтары толугу менен акысыз экенине карабай, аталган жайларда бир канча коррупциялык элементтер күч алып жаткандыгы айтылды.

Мындан тышкары шаар аймагында ата- энесинин же баланын өздүгүн тастыктаган документтери жок учурлар катталып, мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү социалдык жеңилдиктерди алууда көйгөйлөр жаралып жатканын кошумчалашты. Атайын топ бул жааттагы көйгөйлөрдү чечүүдөгү аракеттерди биргеликте күчөтүү керектигин айтышты.

Эске салсак, Областтык клиникалык ооруканасынын төрөт бөлүмү 1997-жылы курулган. Анда жылына 7 миңге жакын төрөт катталат. Имараттын ичи оңдоп-түзөөдөн өткөнү менен орундардын жана медициналык жабдыктардын жетишсиздиги көйгөй бойдон калууда.

Текшерүүнүн соңунда жергиликтүү бийлик жаралган жагдайларды чечүүдө, шаардык төрөт үйүн куруу жана перинаталдык борбор учуу боюнча тийиштүү тараптарга кайрылуулар жолдоорун белгилешти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости