www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-сентябрда Монголиянын борбору Улан-Батор шаарынын административдик иштер боюнча кассациондук соту канадалык «Сентерраголд Монголия» (Centerra Gold Inc) компаниясынын геологоиялык чалгындоо жана иштетүү боюнча лицензиясын жокко чыгарган чечимин чыгарды. Бул тууралуу монгол маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

“Сентеррага” каршы доо арызды “Ноён уул тоосун сактоо кыймылы” деп аталган мамлекеттик эмес уюм берген. Буга чейин “Ноён уул тоосун сактайбыз” деген коомдук кыймыл түзүлгөн. Бул уюм монголдор үчүн ыйык саналган аймакта кен казууга каршы күрөшүп келет.

Ноён уул тоосу гунн мезгилинен берки баалуу археологиялык артефакттарды сактап турат деп эсептелет. Ноён уул тоосун казууда табылган көпчүлүк объекттер Эрмитажда сакталып турат.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости