www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СДПК партиясы 1993-жылы Амангелди Муралиев, Жумабек Ибраимов, Абдыганы Эркебаев тарабынан радикалдуу оппозициялык партиялар менен бийликтин ортосундагы, оңго да, солго да кошулбаган борбордук, конструктивдүү партия катары Москва менен КГБнын генералы Жумабек Асанкулов жардамы менен түзүлгөн. СДПКнын штабын ал кезде жаш саясатчы Акылбек Жапаров ээлеп, 2000-жылкы парламенттик шайлоодо партиялык тизменин негизинде депутат болот. Атамбаев СДПКны менчиктештирип алат. Айрыкча, Атамбаевдин президенттик убагында бул партия өтө коррупцияланышкан партияга айланып, анын бийлигинин аякташы менен экиге бөлүнүп кеткен.

СДПКнын Саясий Кеңешинин өткөрүлгөн жыйынында Кой-Таш айылында Кыргыз Республикасынын бүтүндүгүнө коркунуч туудуруп, адам өлүмү менен коштолгон кандуу башаламандыкка жол бергени үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин СДПК фракциясынын мүчөлөрү, депутаттар Анвар Артыков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Мурадил Мадеминов, Карамат Орозовалар  жана алар менен бирге “Эки тоонун чөбүн оттоп жүргөн” Нурбүбү Кененбаева СДПК партиясынан чыгарылган.Эмки кезек экс-депутат Мээрбек Мискенбаевде калган. Эгер Саясий Кеңеш ушул темп менен баратса, жакында Атамбаевди деле СДПК партиясынын катарынан чыгарат болуш керек?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости