www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бишкекте өткөн саммитинде 21 документке кол коюлду. Отурумга ШКУга мүчө 8 өлкөнүн башчысы, 4 байкоочу өлкөнүн президенти катышты.

Кыргызстан ШКУнун кийинки саммитин уюштурууну Орусияга өткөрүп берип, аталган иш-чара 2020-жылдын 22-23-июлунда өтө турган болду.

ШКУ катчылыгынын эл аралык "Астана" каржылык борбору, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасы жана Европа экономикалык комиссиясы менен кызматташуу меморандумдары кабыл алынды. «ШКУ-Ооганстан» тобунун "жол картасы" боюнча чечимге кол коюлду.

Ал эми мекемелер деңгээлинде жалпыга маалымдоо каражаттары, дене тарбия жана спорт, саламаттыкты сактоо жаатындагы байланыштар тууралуу документтер да кабыл алынды.

Кол коюлган документтер маңгатзатка каршы күрөшүү, санариптештирүү жана маалыматтык-байланыштык технологиялар, айлана-чөйрөнү коргоо, гуманитардык тармактар жана ШКУнун башка уюмдар менен кызматташуусу тууралуу болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости