www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жаңы СССРди»  ким башкарат?

Замана кандай кары, кандай керең,

Закымдап учкан сайын түбү терең.

СССР өлкөсүнө ханды издеп,

Ельцин. Б КМШга келет экен.

 

«СССРди» кыңк эткизбей башкарууга,

Баш болуп СССРге жаш, карыга.

Ишенген өз күчүнө «президенттер»

Келсин  деп өзүн-өзү сындатууга.

 

Лукашенко президентке «дед» карап-карап,

Кеп жебес президенттерди бирден санап.

Эскерип Шушкевичти «самоотвод» деп,

Тизмеден өзүн-өзү чийип салат.

 

Сынга эч толбоймун деп жүрөк даабай,

Келе албай турган экен ажо далай.

Шарт эле жөнөйт экен угар менен,

Пашинян  таланты зор, заади малай.

 

Ельцин сынчы сынап минтип айтат,

Жүрөгү арстандан кайра тартпайт.

Колу ачык, жоомарт экен чачып элге,

Жүргөнү манаптардай дайым шарт-шарт.

 

А БИРОК… кошомат чоң илдет экен,

Калп-чынды кошуп кээде ийлейт экен.

Чокчоңдоп армяндарга «уверенный»,

Чоңдорду көрсө эле бийлейт экен.

 

Ельцин байкап аны жактырбаптыр,

Хандыкка Пашинянды чакырбаптыр.

Манаптан киши жокпу эл-журтта деп,

Микрофон алып Ельцин бакылдаптыр.

 

Эл-журтту байкай анан сынай карап,

Тактынын көздөй жыла жөнөй калат.

Мирзяев Самаркандын манабынан,

Президенттерди жиберчүдөй барын сабап.

 

Ельцин сынчы карап сынайт экен,

Жаактууга сөз бербеген абдан чечен.

Эл-журттун ишенимин актай алат,

Манапча айткан сөзгө өзү бекем.

 

Хан болсо жайлайт тилин тосуп туруп,

Буйрукту берет үнүн созуп туруп.

А БИРОК… СССРди сатып ийер,

Байкатпай Ташкенине кошуп туруп.

 

Деп  сынчы айтать экен карап даана,

Мирзяев такка чыгып баратканда.

Ельцин өзбектердин Мирзяевин,

Жөнөтөт хан болсун деп Самарканга.

 

Путикең чыгат экен элге карап,

Боорсоктой жаңы бышкан өңү жарап.

Еврей кире качаар тешик таппай ,

Эгерде такка отурса Путин манап.

 

Ельцин баалайт экен оюу кенен,

Путикең хан болууга жолу кенен.

А БИРОК…кантип аны хан кылабыз?

Койтойгон кичинекей боюу менен.

 

Деп сынчы кодоосуң деп жактырбаптыр,

Тактыга Путикеңди чакырбаптыр.

Боюу узун барбы адам эл-журтта деп,

Ельцикең элге чыгып бакылдаптыр.

 

Эмомали Рахмон деген алган атак,

Хандыкты алармын деп кылат чатак.

Ким бар деп хан болууга менден башка,

Сынчыны кирген экен сөзгө матап.

 

Тамагын шорпо менен майлап койгон,

Тагдырын жүз граммга байлап койгон.

Мойлолуу куда-сөөктүн бүт барысын,

Моментин таап өкмөт жакка жайлап койгон.

 

Боюу бар, боюна чак салмагы бар,

Сөзгө бай, тажик деген аймагы бар.

Ельцикең баасын берет Рахмон. Эге,

Сөзүндө сүтү эмес, каймагы бар.

 

А БИРОК…Ракең динди кармабаптыр,

Арамбы, адалбы деп тандабаптыр.

Чочкону койдой союп шорпосуна,

Жүз грамм арак кошуп жалмалаптыр.

 

Деп сынчы Эмомали бактысына,

Кубалап түшөт экен тактысынан.

Шарият жолун туткан бар бекен деп,

Жар салып чакырат дейт сакчысынан.

 

Чыгат дейт тандеми бар Касым молдо,

Оо, кудай мына эми өзүң колдо.

Келтирип улам-улам дин келмесин,

Тактыга бара жаткан кыска жолдо.

 

Сынчыга Касым молдо жагыптыр дейт,

Кунт коюп өтө көңүл салыптыр дейт.

А БИРОК… жаратпаптыр Нуракеге

Мурдунан жетелетип калыптыр деп.

 

Касымдын Нураке менен тандеми бар,

Экөөнүн билбейм кандай мандеми бар?

Келет дейт «карикатурист» Зеленский

«Сатира», комикста ал деми бар.

 

Зеленский хан болууга жарар эле,

Бөтөлкө кошуп барын багар эле.

Түбүнө жердин чукуп кирсе дагы,

Пахмелге баш оорутпай табаар эле.

 

А БИРОК…дайым болуп камок бута,

Хандыкты алалбайт го эми ута.

Айлыгын шайлоо жакка бүт которуп,

Володянын чөнтөктөрү абдан жука.

 

Жулунуп ажолорду бирден жөөлөп,

Айкырып кээде эшекче, кээде мөөрөп.

Чөнтөккө доллар, евро салып алып,

Култуңдап такты жакка Трамп жөнөйт.

 

Кудум да өзү үйрөткөн мектеп анык,

Ельцикең Трамп жакты беттеп алып.

Шолоктоп жашын төгүп ыйлап ийет,

Бала кез мөөрөгөнүн эстеп алып.

 

Бир Трамп, «Орок жана Балка» гана,

Жарайт го СССРге такка даана.

А БИРОК…көргүлүктү көрөсүңөр,

Кокустан бийлик тийсе маңкаларга.

 

Деп сынчы Трампты да маңкасың деп,

Тапкыла мурду бүтүн башкасын деп.

Турганда Илхом  келет,

Кочкордой тумшук кантип жакпасын деп.

 

Сынчы айтат мурдун абдан сыйлар менен,

СССР өлкөсүнө хан кылар элем.

А БИРОК… бойдок боло калат экен,

Үйүнөн эки кадам жылаар менен.

 

Деп сынчы кубалаптыр бойдоксуң деп,

Кыздарга барганыңды койбопсуң деп.

Аңгыча Шарип уулу Сооронбай келет,

Жаш элем бирок кудай колдосун деп.

 

Кубулжуп үнү башка, улам ар ким,

Таптаса чыгар эле андан балким.

Туураса башкаларды окшоштурат,

Тургансып бет алдыңда Максим Галкин.

 

А БИРОК… кадыр-баркын жоготобу?

Хан болуп тапканын бүт коротобу?

Далайга башы бышкан «дед» ажолор,

Жээнбековду «молодой» деп тоготобу?

 

Деп сынчы Жээнбековду жактырбаптыр,

Тактыга барбы ким деп бакылдаптыр.

Таздарга сыным өтпөйт көз тиет деп,

Сындоого Аскар тазды чакырбаптыр.

 

Эркек жок бир топ убак турат экен,

Жулунуп Меркель сулуу чыгат экен.

Сынчынын карт жүрөгү болк дей түшөт,

Сулууну сырдуу карап сынайт экен.

 

«Сулуусуң айтып бүткүс сулуулугуң,

Айтайын денеңдин да жылуулугун.

А БИРОК… көтөрө албайт СССР бүт

Тилиңдин заардуулугун, уулуулугун».

 

Деп сынчы СССРге ханды таппай,

Ажолорду турган кезде санын таптай.

Чагылган «чарт» дей түшүп Ельцикеңди,

Тургандар бир заматта калды таппай.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости