www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

27-июнь күнү кечке жуук Ооганстандын Балх провинциясынын Шахритус районундагы талибдер менен салгылаштан соң артка чегинген 17 ооган чек арачысы курал-жарагы менен Тажикстандын аймагына качып өттү.

Бул тууралуу «Озоди» радиосу Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине шилтеме кылып кабарлады.

«Гуманитардык жана кошуначылык мамилени эске алуу менен тажик чек арачылары аргасыз качкындарды Тажикстандын аймагына өткөздү», - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

22-июнда Ооганстандын Шерхан-Бандар чек ара бекетин талибдер басып алгандан кийин 134 ооган аскери артка чегинип, Тажикстандын аймагына башпаанек сурап кирип келген. Азыр алар каякта турганы белгисиз.

Өзбекстан болсо Ооганстан менен чектешкен Термез аймагынан качып кирген ооган аскерлерин артка кайтарган.

БУУнун Ооганстан боюнча чабарманы Дебора Лайонс 22-июнда талибдер өлкөнүн 370 районунун 50дөн ашуунун басып алганын жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости