www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москванын кызыл аянтынын аймагынан 30га жакын Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын жарандары полиция тарабынан кармалышкан. Бул тууралуу укук коргоочу Валентина Чупик маалымдаган.
Анын айтымында 30 жарандын ичинен 20 жаран Кыргызстандын атуулдары. Алардын кармалышы боюнча эч ким түшүндүрмө берген эмес. Жада калса 20 кыргыз жаранынын аты-жөнү, өздүгү такталган эмес. Өздүктөрүн тактооонун ордуна полиция бөлүмүнө алып келинген мигранттарды орган кызматкерлери бөлүмдүн короосуна алып чыгып бир жарым саат суукка кармашкан. Ал учурда эч кимисине юридикалык кеңеш берилбей, ачка кармалышкан.
"Эгерде полиция кызматкерлери мигранттарды эч себепсиз кармаган болсо анда ошол полиция кызматкерлерине каршы улуттук сезимди басмырлоо фактысы боюнча кылмыш иши козголушу керек, – дейт Валентина Чупик.
Булак: Nazarnews.kg