www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ нын Багдаттагы( Ирак) элчилигине  миномет менен кол салышты. Бул тууралуу   «Аль-Арабия» телеканалы кабарлады. Ал эми видеосун РЕН-ТВ жарыялады.

«Аль-Арабия» телеканалы кабарлагандай,  соккулар Ирактагы  Америка элчилигин көздөй максатталып, дипломатиялык мекеменин жанында бир нече «Катюша» сыяктуу ракеталар кулаган. Бири элчиликтин имаратынын жанында жарылса, экинчиси « жашыл аймактын» кире беришиндеги  өткөрүү пунктунан алыс эмес жерде жарылган.

Жашыл аймак- бул чет элдик жана чоң имараттар жайгашкан борбордун  району болуп эсептелет.

Ал эми, Ирактын маалымат булактары бул окуядан,  кеминде  бир үй-бүлөө жаракат алышы мүмкүн экендигин айткан.  

Эске салсак, АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын аскердик стратеги, тышкы саясатынын идеологу болгон Касем Сулейманини “дүйнөдөгү №1 террорист” деп атаган. Касем Сулейманини Трамп Американын дипломаттарына жана аскерлерине кол салууга даярданып жаткандыгын айтып, аны өлтүрткөнүн моюнуна алган.

“АКШ аскерлеринин кынтыксыз соккусунан улам дүйнөдөгү №1 террористти-Касем Сулейманини жок кылды”,-деп ал теледен  билдирген.

Трамптын айтымында Сулеймани “Америка аскерлерине жана дипломаттарына кол салууну мерчемдеген”. Пентагон бейшембиде АКШ Иракта Иран генералын жок кылуу үчүн операция өткөргөндүгүн ырастаган. Курман болгондордун арасында Сулейманиден сырткары ондогон аскерлер жана Ирак шииттери, куралдуу күчтөрдүн командиринин орун басары Абу Махди аль-Мухандис да бар болгон. Абу Махди аль-Мухандисти АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Пампео 31-декабрда Багдаддагы Американын элчилигине кол салууда айыптаган.

Ирандын жогорку лидери Али Хаменен Сулейманин өлүмү үчүн өч алууга убада берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости