www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мектептен ооруп келген 13 жаштагы окуучу төшөккө жаткан боюнча 25 жашында ойгонду. Бул жакындары үчүн күтүүсүз болгону менен ал өзүнүн денесине чеги жок туткундалган учурда кандай абалда болгонун айтып берген.
Мартин Писториус өспүрүм курагында жугузуп алган оору кадимки эле жөтөл болгон. Бирок бала уктаган боюнча турган эмес. Андыктан анын ата-энеси уулуна эмне болуп жатканына акылдары жеткен эмес. Дарыгерлер “вегетативдик абал” деген диагноз коюшуп, оңолуу мүмкүнчүлүгү аз дешкен. Буга Мартиндин апасы ишенгени менен атасы баласынын акыры узак уйкудан ойгоноруна көзү жеткен.
Акыры атанын ишеними акталды. Арадан 10 жыл өткөн соң бала кокустан акыл-эсине келип, көзүн ачкан. Ошондон дагы эки жыл өткөндөн кийин гана Мартин сүйлөөгө жарап, денеси узак убакытка уктаганы менен өзү айлана-чөйрөдө болгон окуяларга аралашып жүргөнүн, аны эч ким байкабаганын айтып көпчүлүктү таң калтырган.
Учурда Мартин 39 жашта. Ал толук өзүнө келген. Үйлөнүп ата болгон. Ал тургай дистанциялык билим алып, окуусун аяктаганы жана ал программистик кесиптин ээси экени дагы айтылат.
Булак: NazarNews.kg