www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Банктан акча которууда тиешелүү түзөтүүлөр киргизилет

Кыргызстанда акча которууну жөнөтүү үчүн зарыл болгон маалыматтардын тизмесин кеңейтиши мүмкүн. Тиешелүү түзөтүүлөр иштелип чыгып, Улуттук банк тарабынан коомдук талкууга коюлду.

Белгилегендей, бул терроризмди каржылоого жана арам акчаны адалдоого каршы аракеттенүү талаптарын сактоо үчүн жасалып жаткандыгы белгиленүүдө. Азыр банктар жана акча которуулардын операторлору, алуучулардын аты-жөнү, туулган жылы, үй дареги, паспорттук же өздүгүн тастыктаган документтери аркылуу гана акча сала алат. Түзөтүүлөр күчүнө киргенден кийин жылы гана эмес, күнүн, туулган жерин, жашаган жеринин дарегин (катталгандыгын, турган жерин), ошондой эле ИННди (салык төлөөчүнүн жеке номерин) көрсөтүү керек.

Мындан тышкары, банктар жана операторлор автоматташтырылган банктык тутумдагы акча которуулар боюнча маалыматтарды сактоого жана аларды Улуттук банктын суроо-талабы боюнча үч жумуш күндүн ичинде берүүгө тийиш.

Эске салсак, 2019-жылдын декабрь айынын башында кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топ Кыргызстандын рейтингинин ФАТФтын 13 сунушу боюнча жогорулашын макулдашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости