www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылга сарэсеп

Узап бараткан жыл саясатка, маданий иш чараларга бай жылдардан болду десек жаңылышпайбыз. Президентибиз Сооронбай Жээнбеков мамлекетти алдыга жылдыруу, коррупция менен күрөштү колго алып жаткандыгы сезилип турат. Бирок, бул Атамбаевдин мурдагы кол алдында иштегендер менен эле чектелип калууда. Мисалга алсак, Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Икрам Илмияновдорду, Осмонбек Артыкбаев камаганы көңүл жылытарлык десек болот.

- Президенттин такта отурганына бир жыл болду, бирок, көзгө көрүнгөн эч нерсе жасалган жок дейт, саясатчы Азимбек Бекназаров. Ал эми активист Адиль Турдукуловдун пикиринде ажонун жасаган иштери 3 айда эле билинет, ал мындан ары мамлекет кандай жол менен барат президенттен жана Жогорку Кеңештен көз каранды дейт.

Маданият, спорт жаатында да жакшы жетишкендиктерге жеттик. Алсак, күз айынын башында тактап айтканда 2-9-сентябрь күндөрү III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары ойдогудай өттү. Мурдагы оюндарга салыштырмалуу бул оюн маданий иш чараларга бай болду. Туристтердин агылып келиши да мамлекеттин бюджетине салымын кошту.

Көптөн күткөн Курултай да өттү, бирок, анда да олуттуу маселелер каралып, бирок аларды ишке ашырган адам жоктой көрүнөт сыңары...

Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы республика боюнча кызуу белгиленүүдө. Жакында эле Москва шаарында ага эстелик коюлду. Ачылыш аземине Сооронбай Жээнбеков катышты.

Бирок, тилекке каршы, жоготуулар да болбой койгон жок. Белгилүү журналист Улан Эгизбаев киши колдуу болуп көз жумду. Анын кылган иштерин жогору бааланып, ага президент тарабынан "Эрдик" сыйлыгы тапшырылды. Эң оболу анын аткарган иштери эл оозуна алынып, көңүл борборунда калат.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Последние новости