www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйшөнбек Зилалиев деген ысым Атамбаевдин доорунда байма-бай айтылып, бүгүн бир кызматтан түшсө, эртеси башка кызматка даярдалып, түкүргөн түкүрүгү жерге түшпөй турду. Эми кызматтан түштү деп жазган журналисттер, андан көп өтпөй эле жогорку даражадагы анан да, жооптуу кызматтарга даярдалганын укканда эмоциясын жашыра албай, ырыстуу чочконун мурдунан май кетпейт деп  баса белгилеп жазышты.

Атамбаевдин доорунда ырыс кешиктүү болгон Дүйшөнбек Зилалиев минтип, Жээнбековдун доорунда камакка алынды. Камакка алынганда дагы мыйзамсыз баюу деген берененин алкагында кылмыш иши козголуп, декларацияда айрым мүлктөрүн жашырып койгону айгинеленди. Кыскасы, Атамбаевдин доорунда өзүн кудай сезип алган көп чиновниктердин мурдунан Сооронбай Жээнбеков эшек куртун түшүрмөй болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости