www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна жумуш сапарынын алкагында Кең-Сай конушунда аялдардын жана эркектердин кийимдерин тигүү боюнча текстилдик тигүү фабрикасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты, мында келечекте жети миң адам жумуш менен камсыздалат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Долбоорго ылайык негизги иштөө мөөнөтү катары – тигүү фабрикасы, агрардык тармак – пахта, пахта тазалоо жана кайра иштетүү, жип жана кездеме өндүрүү ишканасы пландалууда.

«Биз пахта өндүрүү көлөмүн өстүрүүгө, пахтачылыкта жаңы жумуш орундарын түзүүгө, бул өсүмдүктү өндүрүүнү жергиликтүү калк арасында жогорулатууга жана жаштар арасында миграцияны азайтууга ниеттенүүдөбүз. Ошондой эле тигүү ишканаларын жергиликтүү жогорку сапаттуу кездемелер менен камсыздоону пландап жатабыз»,- дешти ишкерлер.

Алардын айтымында, өндүрүштү 2019-жылдын биринчи декадасында ишке киргизүү пландалууда.

Фабриканын курулушу үчүн 25 гектар жер бөлүнгөн, мында жети цех иштейт. Мындан тышкары долбоордо ишкананын кызматкерлери үчүн турак үй, бала бакча, окуу борборунун, парктык зонанын жана башка жалпы ыңгайлуулук үчүн зарыл объектилердин курулушу каралган.

Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду тарабынан бул долбоорду ишке ашырууда текстилдик жабдууларды сатып алууну каржылоо боюнча колдоо көрсөтүлөт.

Булак:  NazarNews.kg

Последние новости