www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз өкмөтү Кыргызстандын аймагында жүргөн Кытай Эл Республикасынын жарандары тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда таркаган маалыматтарга байланыштуу билдирүү таратты.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылы Кыргызстанга 35 миң 215 (2017-жылы 41 миң 307) Кытай жараны кирди. Ошол эле мезгилде бул аралыкта 34 миң 436 (2017-жылы 40 миң 690) кытай жараны чыгып кеткен.

Өкмөт аппараты Тышкы иштер министрлигине таянып билдиргендей, быйыл 21 миң 17 Кытай жараны Кыргызстандын визасын алган. Мунун ичинен 14 миң 492 электрондук виза. Былтыр кытайлыктарга 12 миң 310 виза берилген.

Мамлекеттик каттоо кызматы болсо Кыргызстанда убактылуу жашаганга 11 миң 966 (2017-жылы 18 312) Кытай жараны уруксат алганын, алардын ичинен 9 миң 498и (2017-жылы 11 593) убактылуу иштөөгө укугун алганын кабарлайт.

Мындан тышкары? 2010-2018-жылдары Кыргызстандын 60 жараны Кытай Эл Республикасынын жарандары менен расмий үй-бүлө курушкан. Соңку сегиз жылда ошондой эле 268 кытай жарандары Кыргызстандын жарандыгын алган. Алардын ичинен 171 кыргыз, 72 уйгур, тогуз өзбек, алты кытай, тогуз дунган жана бир казак улутундагы адам бар.

Өкмөт келтирилген маалыматтарды эске алуу менен туура эмес маалыматтарды камтыган чакырыктар кыргыз-кытай эки тараптуу стратегиялык кызматташтыгына оор залакасын тийгизе турганын эскертет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости