www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз мигранттын тагдырын сүрөттөгөн "Айка" көркөм фильми "Оскар" сыйлыгынын кыска барагына кирди. "Чет тилдеги мыкты тасма" категориясында "Айканы" кошкондо тогуз фильм бар. Бул тууралуу РИА-Новости уюштуруучуларга таянып маалымдады. "Айка" Казакстандын атынан сунушталган.

Америка киноакадемиясынын "Оскар" сыйлыгы жыл сайын февралда тапшырылат.

Талапкерлер сунушталгандан кийин алгач узун баракка кирет, тандалгандары кыска баракка жазылат. Арасынан жеңүүчүлөр аныкталат.

Орусиялык режиссер "Айка" тасмасы Кыргызстандан Орусияга барып, кыйын турмушка кабылып, төрөгөн баласын таштап кеткен келиндин турмушу жөнүндө баяндайт.

Социалдык драмада мигранттардын жашоосу кенен чагылдырылган. Андагы баш каарманды казакстандык актриса Самал Еслямова ойногон. Бул образы үчүн Еслямова быйыл Канн фестивалында "Аялдын мыкты тасмасы".

Булак: NazarNews.kg

Последние новости