www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин болжолдуу маалыматы боюнча, 2019-жылдын январь - майында ИДПнын анык өсүшү 6,4% түздү, бул 2018-жылдын тийиштүү мезгилинен 6,1 пайыздык пунктка жогору, ал эми ИДПнын номиналдык көлөмү 232,6 млрд сом деңгээлинде түзүлдү.

Бул маалымат тууралуу  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги билдирди.

“Кумтөр” кенин иштеткен ишканаларды эсепке албаганда, экономиканын анык өсүшү 2,1 пайызды түздү (2018-жылдын январь - июнь айларында 2,5 пайызга өскөн).

2019-жылдын январь - июнь айларындагы керектөө бааларынын индекси өткөн жылдын декабрына  карата 0,3 % түздү (2018-жылдын январь - июнунда 2017-жылдын декабрына карата (-0,1) пайызды түзгөн).

2019-жылдын январь - июнь айларындагы керектөө бааларынын индекси 2018-жылдын январь - июнуна карата (-0,1) пайызды түздү (2018-жылдын январь - июнунда 2017-жылдын январь - июнуна карата 2,3 пайызды түзгөн).

Доллардын эсептик курсу 2018-жылдын июнь айынын аягына карата 1,93 пайызга жогорулап, 2019-жылдын июнь айынын аягында 69,4928 сом/АКШ долларын түздү.

2019-жылдын январь - июнь айларынын жыйынтыгы боюнча өндүрүштүк өнүмдөрдү өндүрүү, реалдуу алганда, 19,7 пайызга көбөйдү (2018-жылдын январь - июнунда 4,4% төмөндөдү), бул өсүш кайра иштетүүчү өнөр жай өндүрүшүнүн – 24,2%, пайдалуу кендерди казып алуудагы - 31,0% өсүштүн эсебинен болду. Энергетика сектору – 3,1 пайызга төмөндөдү. Өнөр жайда, “Кумтөрдү” эске албаганда, 4,2 пайызга төмөндөө болду (2018-жылдын январь - июнунда өсүш 9,8 %).

2019-жылдын январь - июнунда кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү өсүш 1,6 пайызды түздү (2018-жылдын январь - июнунда өсүш 1,7 пайызды түзгөн). Дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо кызматтарынын өсүшү 4,7 пайызды түзгөн, ошону менен бирге чекене сооданын өсүшү (автомобилдерди жана мотоциклдерди сатуудан тышкары) 3,9 пайызды түздү.

Мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрү 2019-жылдын январь - июнунда 6,4 пайызга көбөйдү (2018-жылдын январь - июнунда өсүш 6,6%).

Почталык жана чабармандык иш кызматтары 2019-жылдын январь - июнунда 2018-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 0,5 пайызга көбөйдү, байланыш кызматтары 6,5 пайызга төмөндөдү, тарифтик кирешелер 10 256,8 млн сомду түзгөн.

Жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтары 2019-жылдын январь - июнунда 2,0 пайызга өстү. Транспорттун бардык түрлөрү тарабынан ташылган жүктөрдүн көлөмү 2,7 пайызга көбөйдү (2018-жылдын январь - июнунда өсүш 3,5%).

2019-жылдын январь - июнунда айыл чарба, токой чарба жана балык уулоо өнүмдөрүнүн көлөмү 59 992,0 млн сомду, өсүш 1,7 пайызды түздү (2018-жылдын январь - июнундагы өсүш 1,1 % түзгөн).

2019-жылдын январь - июнунда негизги капиталда инвестицияларды өздөштүрүү деңгээли өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу бардык каржылоо булактарынын эсебинен 5,5 пайызга көбөйдү (2018-жылдын январь - июнунда 1,6% өсүш болгон). Отчёттук мезгилде иш жүзүндө 49 млрд 117,8 млн сом негизги капиталда өздөштүрүлдү.

Курулуштун дүң өнүмүнүн жалпы көлөмү 2019-жылдын январь - июнунда 5,9 пайызга өсүп, 47 млрд 288,4 млн сомду түздү (2018-жылдын январь - июнунда 3,1% өсүш болду).

Расмий катталган жумушсуздардын саны 2019-жылдын июнь айынын этегинде 82,7 миң адамды түзүп, 2018-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 27,0 пайызга өскөн (2018-жылдын январь - июнунда 4,9% өсүш болгон).

Орточо айлык эмгек акынын реалдуу өсүшү 2019-жылдын январь - майында 4,3 пайызды түздү, номиналдык туюнтууда орточо айлык эмгек акы 16 020 сом деңгээлинде түзүлдү.

Алдын ала маалыматтар боюнча тышкы соода жүгүртүү 2019-жылдын январь - майында 2 млрд 693,2 млн АКШ долларын түзүп, 2018-жылдын январь - майына салыштырмалуу 2,6 пайызга азайды, анын ичинде экспорт – 727,6 млн АКШ долларын (3,7 пайызга өсүү), импорт – 1 млрд 965,6 млн АКШ долларын (төмөндөө 4,7 пайызга) түздү.

Импорттун көлөмү экспорттун көлөмүнөн ашып кеткенине байланыштуу соода балансынын терс сальдосу 1 млрд 238,0 млн АКШ долларын түздү. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости