www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурда белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын УКМК ККК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) алдындагы транспорт каражаттарын каттоо департаментинин (ТККД) каттоо-экзамендик бөлүмүнүн (КЭБ) (азыркы учурда КР Өкмөтүнө караштуу МКК алдындагы «Унаа»  Мамлекеттик ишканасы) кызмат адамдарына карата  козголгон кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүндө, башка кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, коррупциялык схеманы түзүү менен бажы биримдигине мүчө эмес (Прибалтика, АКШ, Грузия) өлкөлөрүнөн КР аймагына ташылып келинген транспорт каражаттарын, бажы алымдарын төлөбөстөн киргизген. Натыйжада бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталган.

Кыргыз Респуликасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик комитети билдирди.

УКМК органы тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ушул жылдын июль айынын башында Кыргыз Республикасынын аймагына жогоруда айтылган коррупциялык схема менен алынып келинген «Лексус» жана «Шевроле» маркасындагы 2 авто унаа кармалды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн караштуу МКК тарифтик сеткасына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына кирген автоунааларды катоо жана алып келүүдө алдын ала 2 млн. 608 миң сом зыян келтирилген.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында унааларды мыйзамсыз каттоо боюнча коррупциялык схемаларга катыштыгы бар тараптар жана аларга тиешеси бар МКК кызматкерлерине карата текшерүү иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости