www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламент Токон Мамытовду жаштар жок калгансып Акыйкатчылыкка шайлап чекилик кылды. Бул карыган карышкыр дүйнөдө жер сатуу боюнча рекорд койгон адам. Өз жерин сатмак беле кыргыздын жерин сатат да. Коргоо министрине орун басар кезде Үзөңгү-Куушту сатпасак үзүлүп өлөбүз деп жүрүп Кытайга сатып жиберип, Кытайдын Төртүнчү бөлүмүнөн түбөлүккө жеткидей дүнүйө топтогон.  Ага тойгон жок. Бакиевдин заманында Коопсуздук Кеңештин төрагасы катары Казакстанга жерди бербесек оңбой калабыз деп Каркыраны карматкан. Мунун мындай жер сатуу боюнча устат экенин билген Атамбаев чек ара боюнча вице-премьерликке алып келип Өзбекстан менен Тажикстанга жер саттырып пайдасын көрмөк, кыргыздар мунун шылуундугун билип шыпырып түшкөн, парламент акактатып Акыйкатчы кылып алыптыр жоктон тапкансып.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости