www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабанов уктап жатса түшүнө акча кирген бизнесмен. Саясатка ал 2005-жылы кошулган, кошулар менен Куловдун штабына кирип Түндүк-Түштүк маселесин курчуткан абиси Атамбаевдин кол алдына кирген. 2005-жылы президенттикке талапкер Курманбек Бакиев менен Куловдон тышкары дагы бир топ саясатчынын бири Жусупбек Шарипов болгон. Билген кишиге ал азыркы президенттин акеси. Сооронбай Шарипович Жусупбек Шариповду колдоду беле же Атамбаев аркылуу Куловду колдоду беле, ал тарыхта жазылуу. Бабанов Атамбаевди колдогону чын. Экинчи ирет 2007-жылы СДПКнын республикалык штабын жетектеген. Анан СДПКдан кол үзүп “Республика” партиясын түзгөн, ал “Ата-Журт” менен биригип “РАЖ” болгон. Ал партиядан абиси Атамбаев Камчыбек Ташиев менен “Ата- Журтту”, Алтынбек Сулайманов менен “Бир болду”, Бакыт Төрөбаев менен “Өнүгүүнү”, Канат Исаев менен “Кыргызстанды” бөлгөн. Ушул учурда сойку аялдай болуп кимге тийерин билбей ыйынып турат. Оңго барсаң атың өлөт, солго барсаң өзүң өлөсүң деген кеп. Атамбаевге барса, бийлик Кыргызстанга келтирбейт, Жээнбековго барса, абиси Атамбаев Бабановдун артын чукуйт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости