www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АШАнын айланасындагы фарска айланган комедияга сереп салып отуруп, күлкүңөн огеле мурун ыйлагың келет тура. Мындай “акмакчылык” чынында эле болуп жатабы, деп да жакаңы кармайсың. Баарынан жаманы, эки тарап болуп алышып, “Ак терек” ойноп жатышканында. Эки жак үчүн тең мамлеттин эртеңи, келчеги үчүн эмес, бир кишинин арбайын согушуп, ошону пеш тутуп, тим эле кудайындай чаң жугузушпайт.
Анан ойлонот экенсиң: деги бул тирешпи, күрөшпү, башкабы.. кыргызга керекпи да жокпу? Же Кыргызстан ири державага айланып, экономикасы менен баарын эбак тебелеп кеткенби...кечээки бейчеки бир ажо сымал менен бүгүнкү ажонун кармашы дейин десек, экинчи тарап сабырдуулукту кармап, дегеле “крышасы” таптакыр кеткен , оозуна алы жетпеген Телибай тентекке к аршы эчтемке жасабагандай... “Кой-Таштагы арамдан бүткөн хан сарайына көрүнгөн тоонун эчкилерин топтоп алып, ирмем сайын шоу –концерт коюп жаткан “Бейтам-3” чыңалууну жогор чеке жеткирүү үчүн колунан келген-келбегенди жасап жатканы факт.
Ооба, бул жерде оппозиция деген терминди колдонуу да деле мүмкүн эмес. Жыты да жок. Жөн эле мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюлган жеке таарыныч. Тагыраагы,түптөлбөй калган Кокон хандыгы (Хан сарайдын ичине тыкыр көз жүгүртсөң хандыктын белгилери күн алдын мыкты жасалгандай), АШАХан.. жана башкалар. Ал эми “эл” болуп алышкан “элдик коргоочулар” тууралуу айтсак...тоокко күлкү болобуз. Кайсыл бир идея үчүн дейин десек, ошо идеянын өзүн күндүзү чырак менен таппай жүрбөйбүзбү. Болгону “жашайм десең чөнтөгүңү кампайт “илибой” жол менен” деген курулай мас ураан....мындайларды иттин агы, карасы,башкасы эмес, акчасы гана кызыктырат. Ошон үчүн ошол жакка агылып жатышат. Же ошол коргоочулар АША үчүн башын баталгага коюшат деп ойлойсуңарбы?
Жок, эч качан. Ар кимдин жаны өзүнө шипширин... Күч келгенде АШАнын оозунан пулеметтой чыгып жаткан “саткын” деген сөздү кудум ушуларга айтып калышат.
Кызыгы, АША өзү “саткындар кайдан жаралат?” деп алаканын жайып жатып,жанында тургандарга сереп салып койбогонунда.Бүгүн да, кечээ да...
Ал эми мыйзамга түбүнөн каршы чыгып, кызтекедей ырсактап, президентти да, башкасын да тааныбайм, эч кайда барбайм деген шоусу жөн эле алсыздыгы, чабалдыгы, көк мээлиги...Тааныбасаң тааныба... ким сенден сурап отурат, сурашпайт дагы, деги сен кимсиң деп жарга такашканда гана мастыгы тарап, соолуга түшүп, жалынып жалооруп “мени камасаңар камагыла, балдарыма тийбегиле” деши барып турган иш.
Маселе, эки “достун” кармашында эмес, эски менен жаңынын чабышында болуп жатат. Эгерде АШАга жан тартчу болсок, анда биз кечээ күн менен жашашыбыз зарыл болот, эгерде.. алдыга жылалы, өзгөрөлү деген болсок, “крокодилдердин “оозун канжалатып, мыйзамдын кулу болушубуз зарурат. Экөөнүн бирин тандашыбыз үчүн сыноо жүрүп жатат. Ушундай чечүүчү ирмемдерде “галдирбайлардын” да күнү тууп, чабал өрдөк эрте учат болуп,көрүп жатпайбызбы үнүн ага коюшкансып ары-бери чаап, “тим эле улардын үнүн ага коюшкансып, ары-бери чаап жүргөнүн кезек-кезеги менен “өрдөктөрүн” учура коюп... Бирөөсү да “АШАнын тыйыны үчүн келечегими чаап жатам” деп ойлоп да койбогону өкүнүчтүү.
Кошоматчы туугандарым, баары өтөт, ар убакта кошоматчылар, куйтулар болгон жана боло берет.Бул жашоо, ал дегендин “бумеранг” деген аныктамасы да жок эмес...
Балким силердин аракетиңер да туурадыр.Анткени, кайдан көрдүңөр эле эки жээксиз дайраны.
Чабышкыла, сайышкыла... ал силердин укугуңар...
Болгону, ар бириңер элдин атынан сүйлөп, ооз көптүрбөгүлө. Силер эл эмессиңер, силер элдин сокур ичегиси сымал бирдемесиңер..болгону эле...
Ал эми АШАга айтарыбыз, билгениңи жаса, жардан секир, дубалды сүз, жерди тепкиле , Раисаңы раис кыл, “назло”...мандем чыкпайт... Төңкөрүш дегенди эсиңен чийип сал... ал эми революцияга быша элексиү, мээң да жетпейт... болсо да, жата , тура калып чагым жасаба, ал АША атала...
Анткени, жагдайдын жытын сезүүгө кудуретиң жетпесе, кайдагы бир жомоктогу досторуңа ишенип алып, “Анжиянда акем бар , ал да мендей шалаакы” болбо, тыйын - тыпырлуум!
Кыска айтсам, оомат бир кетсе, кайра оңой-олтоң кайтпайт...Бул табияттын, кудайдын жазылбаган ыйык мыйзамы...
Ал эми Сокеге келсек...ушул досуңа жүгүнүп, бутуна жыгылуу гана эмес, төбөңө көтөрүп жүрүшүң абзел. Башка бир “досуң” болгондо сен эчак түрмөнүн түбүндө чирип жок болуп кетмексиң... кудайга шүгүр ушундай айкөл “досуңун” бардыгына..
Бабанчик эбак бакыртмак... Тааба кылбай,тообо кыл...оомийин!
Просто Шер
Булак: NazarNews.kg