www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БУУнун маалыматына таянсак, өткөн жылы дүйнөдө 820 миллион киши ачкачылыктан азап чеккен. Андан сырткары акыркы жылдары дүйнөдө ачкачылыктын көрсөткүчү өсүп бара жаткандыгын баса белгилеген БУУ.
2018-жылдын маалыматы боюнча ала турган болсок ачарчылыктан 821.6 миллион киши бир уурттам таза сууга жана тамак-ашка зар болгон. Бириккен Улуттар Уюмунун "Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүктү жана коопсуздукту камсыз кылуу” бөлүмү дүйнө жүзүндөгү ар бир тогузунчу инсан ачкачылыктын көйгөйүн тартып жаткандыгын жарыя кылды. Ошондой эле ачкачылыкка чулганып бара жаткан өлкө Түштүк Азия басымдуулук кыла тургандыгын кабарлады.
Ал эми өтө коркунучтуу ачкачылык каптаган аймакка Африка биринчи тизмеге кирип, бул өлкө көп жылдан бери ачарчылыктын “эмблемасы” катары сакталып келе жаткандыгы айтылды. Тилекке каршы ачарчылык бүткүл дүйнө жүзүнө акырындык жана туруктуулук менен тарап жатса, акыркы жылдары дүйнө жүзүндө экономикалык өсүшү алсыз өлкөлөрдүн саны көбөйгөн. Өткөн жыл ичинде дүйнө жүзүндөгү 2 млрд. адам тамак-аш жетишсиздигине дуушар болушкан.
Кыргызстанда жомоктогудай жаратылышы, ар бир сайында агып жаткан сууларын ичкенге жараган мамлекет болгону менен жаратылышыбыздын кадыр-баркын билбей, улуттук идеология бул жакта турсун, “согушуп” болсо дагы бийликти алмаштырыш керек” деп, алакан ушулагандар көбөйдү.
Дүйнөдө милиарддаган адамдар таза суу менен тамак-ашка зар болуп, жарым сындырым нанга тойбостон жарык дүйнө менен кош айтышып жатат.
Булак: NazarNews.kg