www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында үрөнчүлүк чарбалардын жетекчилери, ири дыйкан фермерлер, жайыт комитеттеринин төрагалары менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу маалыматты жеринен Нуркыз Кадырбекова билдирди.
Аталган семинарга Айыл чарба министринин орун басары Амангелди Исаев катышты. Жыйында теориялык маселелер жана сунуштар айтылып, андан соң обьктилердин жана дыйкандардын иштери менен жеринен таанышуу, тажрыйба алмашуу, кеңеш берүү иштери менен катар көрсөтмөлүү дарылоо, азыктандыруу семинарлары өткөрүлдү.
Буга чейин балмуздак чыгарып келген "Жети баатыр" ЖЧКсы тарабынан этти кайра иштетип колбаса чыгаруучу цехинин курулуш иштери бүткөн жана 2019-жылдын аягында ачылышы пландалып жаткан цехтин абалы менен тааныштырышып, ушул жылдын сентябрь айына чейин аталган цехке жабдуулар алынып келине тургандыгы айтылды.
Андан сырткары Айыл чарба министринин орун басары Амангелди Исаев баштаган топ, Нариман айыл аймагындагы "Оомат агро" айыл чарба үрөнчүлүк кооперативинде өстүрүлүп жаткан пахтанын абалы жана жаңы инновациялык ыкма менен өсүмдүктөрдү даарылоо, тактап айтканда дрон менен чачууну колдонуучу заманбап техникалар менен таанышып чыкты.
Булак: NazarNews.kg