www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«2019-жылы Кепилдик фондунун каражаттарынын 78% аймактардагы насыялоого жана гарантияларды берүүгө багышталды», — деп билдирди бүгүн, 20-августта, «Кепилдик фонду» ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров.

Ал баса белгилегендей, 2019-жылы Фонддун ишмердигинде негизги багыт болуп аймактык долбоорлорду колдоо болуп эсептелет. Жалпысынан бүгүнкү күндө 460 млн сомдон ашуун суммага 300 долбоор каржыланды.

Мындан тышкары, Малик Абакиров берилген гарантиялардын суммасы 173% көбөйгөнүн белгиледи, эгерде 2018-жылдын 7 айында 271 млн сом болсо, бул жылы ушул эле мезгилге карата 468 млн сомго гарантия берилгенин белгиледи.

Ал баса белгилегендей, Кепилдик фондунун кыргыз үлгүсүнүн тажрыйбасы КМШ шериктеш өлкөлөргө жана эл аралык финансылык институттардын кызыгуусун жаратты. Учурда Кыргызстандын тажрыйбасы Тажикстандагы Кепилдик фондун ишке киргизүүдө колдонулуп жатат. Ошондой эле «Кепилдик фонду» ААКтын ишмердиги Азия өнүктүрүү банкынын негиздөөчү өлкөлөрүнүн ичинен эң мыкты катары каралуусу күтүлүүдө.

Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кепилдик фондуна 550 млн сом жумшады, буга байланыштуу анын капиталы бүгүнкү күндө 1 млрд 132 млн сомду түзөт.

 

Последние новости