www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда республикалык слеттун 200дөн ашык катышуучулары, жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү, Казакстан Республикасынын Беримбек Бейсенов атындагы ИИМдин Карагандадагы Академиясына жайланышкан.

Балдар бири-бири менен достошуп, вело жолу менен, сахна менен таанышууга жетишкен. Буга чейин жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү - саптык кароо, велосипед менен тегеренип айдоо, велосипедди унаа шаарчасында айдоо боюнча жана теориялык жагынан “Жаш санитарлар”, “ Жол кыймылынын эрежелерин билгичтер” сыяктуу бир нече сынактарда күч сынашышты.

Мисалы, “Жаш санитарлар”, “Жол кыймылынын эрежелерин билгичтер” аттуу сынагында мектеп окуучулары жол эрежелери жана биринчи медициналык жардам көргөзүү боюнча теориялык билимдерин көргөзүшкөн. Саптык кароого балдар жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн параддык кийими менен келишкен. Калыстар алардын сырткы келбетине, саптагы кабыл алуу жана атайын тактикаларына ылайык саптык жүрүм-турумуна өзгөчө көңүл бурушкан. Велосипед менен тегеренип айдоодо катышуучулар өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана чеберчиликтерин ар кандай ыкмалар менен көргөзүштү. Унаа шаарчасында ар бир катышуучу жагдайга жараша багыт алуу менен атайын маршрутту, велосипедде кадимки жол шартында айдап өтүү мүмкүнчүлүгүн көргөзө алышты. Биринчи турдун баардык кыйынчылыктарына карабастан балдар, алдына коюлган тапшырмаларды татыктуу аткара алышты, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости