www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЕАЭБ аймагында электр кыймылдаткычтары бар моторлуу транспорт каражаттарына (гибриддик жана электр унаалары) импорттук бажы төлөмүнөн бошотуу түрүндө тарифтик жеңилдиктер боюнча Кыргыз Республикасы колдонуудагы квотаны өздөштүрүүгө байланыштуу үстүбүздөгү жылга тарифтик жеңилдиктерди кеңейтүүнү жана 15 миң даанага чейин көбөйтүү сунушу кабыл алынды.
Мындай чечимге Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Москва шаарында өткөн жыйындын жыйынтыгында кол коюлду.
Мындан тышкары ЕӨАКнын жыйынын жыйынтыгы менен бир катар төмөнкү документтерге кол коюлду:
- 2030-жылга чейинки мезгилге жана 2045-жылга чейинки мезгилге Евразия экономикалык бирлигинин алкагында экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын "Бажы контролунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана бажы органдарынын ресурстарын оптималдуу пайдалануу максатында тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү жана ыкмаларды унификациялоо" механизминин макулдашылбаган иш-чаралары жөнүндө Буйрук;
"Өткөрүү пункттарында бажы инфраструктурасын жана санариптик технологияларды өркүндөтүү" (товарлар ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү жерлердеги бажы инфраструктурасынын элементтерин техникалык жактан жабдууга карата типтүү талаптарды өркүндөтүү бөлүгү, анын ичинде өткөрүү пункттарында колдонулуучу бажы органдарынын маалыматтык системаларына, ошондой эле салмактык-габариттик параметрлерди аныктоо системасына, резервдик электр менен камсыздоого, инспекциялык-кароо комплекстерине карата типтүү талаптарды өркүндөтүү бөлүгү) Евразия экономикалык бирлигинин алкагында экономикалык процесстерди 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилге өнүктүрүү жөнүндө декларацияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын "Евразиялык экономикалык жол"механизминин иш-чаралар планы жөнүндө Буйрук;
- 2025-жылга чейинки Евразия экономикалык интеграциясынын стратегиялык багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 9.1.1 пунктунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Буйрук;
- Евразия экономикалык бирлигинин алкагында электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш-чаралар планын («жол картасын») ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө Буйрук;
- Евразия экономикалык биримдигинде идентификациялоо каражаттары аркылуу товарларды маркалоо системасын андан ары өнүктүрүү жөнүндө Буйрук;
- Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 101 «Кытай Эл Республикасынан келип чыккан жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келинген графиттелген электроддорго карата антидемпингдик алымды киргизүү аркылуу антидемпингдик чараны колдонуу жөнүндө» чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Чечим;
