www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте №244 кичи автобустун жүрүү схемасына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, буга чейин аталган маршрут Осмонкул, Күрөңкеев, Баялинов көчөлөрү аркылуу өтүп, Жаш Гвардия бульварын, Жибек Жолу проспектисин, ошондой эле Кулиев, Рыскулов, Фучик жана Коммунаров көчөлөрүн камтып келген.
Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, №244 маршрут эми жүргүнчүлөрдү Рухий-Мурас жаңы конушунан Курманжан датка көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишине чейин тейлейт.