www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 15-апрелинде Бишкек шаарында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына арналган «Санариптик экономика шартында ишкердик укук жана жарандык процесс трансформациясы: чакырыктар жана келечек» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктуу өкүлү Бектур Зулпиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Түркия Республикасынын илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын, ошондой эле жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.

Конференциянын катышуучуларынын катарында Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Азамат Узакбаев чыгып сүйлөп, «Кыргыз Республикасынын сот системасын санариптештирүү» темасында баяндама жасады.

Өз сөзүндө Азамат Узакбаев Кыргыз Республикасынын сот тутумунда жүргүзүлүп жаткан санариптик трансформация процесстерине кеңири токтолду. Тактап айтканда, сот өндүрүшүнө заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү, электрондук сот адилеттигин өнүктүрүү, жарандар менен юридикалык жактар үчүн бузулган укуктарын сот аркылуу коргоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, ошондой эле сот ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын, айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери белгиленди. Бул максатта сот процесстеринин катышуучулары үчүн «Санарип сот» порталы аркылуу бирдиктүү онлайн платформа түзүлүп, жеке кабинет ачуу мүмкүнчүлүгү камсыздалгандыгы айтылды.

Ошондой эле АИС «Сот» тутумунда сот процесстерин автоматташтыруу, АРД модулун колдонуу жана санариптик иштерди калыптандыруу, мамлекеттик алымды мобилдик тиркемелер жана төлөм терминалдары аркылуу онлайн төлөө, сот отурумдарын түз эфирде көрсөтүү, сот отурумдарына алыстан катышуу, доо арыздарды жана башка документтерди электрондук түрдө тапшыруу, сот отурумдарын аудио-видео жаздыруу (протоколдоо), ошондой эле SMS-билдирүүлөр, электрондук почта жана мобилдик тиркемелер аркылуу санариптик сот кабарламаларын жөнөтүү сыяктуу багыттарга өзгөчө көңүл бурулду.

Белгиленгендей, сот системасын санариптештирүү сот адилеттигин реформалоонун артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат жана жарандардын сот бийлигине болгон ишенимин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Конференция ишкердик укукту жана жарандык процессти санариптик экономика шартында өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо, ошондой эле мыйзамдарды жана укук колдонуу практикасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болду.
 

Последние новости