www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Баткен облусу боюнча видеоконференция форматында жыйын өткөрдү.

Жыйында Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун жетекчилеринин отчеттору угулду. Анда аймактардагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү, айдоо аянттарынын абалы жана дан өсүмдүктөрүнүн себилиши боюнча кеңири маалымат берилди.

Күйүүчү-майлоочу материалдар, жер семирткичтер менен камсыздоо, ирригация маселелери каралып, насостук станциялардын иши, арыктарды тазалоо жана оңдоо иштерине өзгөчө көңүл бурулду. Азык-түлүк бааларына мониторинг жүргүзүлүп жатканы, ветеринардык багытта эмдөө, жайыттарды пайдалануу жана вакцинация иштери талкууланды. Ошондой эле БДР жана БСР маселелери каралды. Айрым каналдарды реконструкциялоо иштери аяктап, ишке берилген.

Жыйынтыгында министр жазгы талаа иштерин өз убагында жана сапаттуу өткөрүү, дыйкандарды ресурстар менен камсыздоо жана көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырма берди.

 

Последние новости