www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаанын муниципалитетинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигеринин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар муниципалдык деңгээлдеги эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле Бишкек шаарын өнүктүрүүгө байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулашты.

АКШнын Элчиси борбор калаанын акыркы жылдардагы динамикалуу өнүгүүсүн белгилеп, өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн бир катар келечектүү багыттарын белгиледи. Өзгөчө көңүл коммерциялык кызматташууну өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууда бизнестин катышуусун кеңейтүүгө бурулду.

Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев учурда муниципалитет шаарды өнүктүрүүнүн негизги маселелерин өз алдынча чечүү үчүн зарыл болгон ресурстарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин белгиледи. Ошондой эле жеке инвестицияларды тартуу жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Тараптар АКШнын Элчилигинин колдоосу менен, анын ичинде ишкер чөйрөлөрдүн катышуусунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдар экенин билдиришти, бул экономикалык байланыштарды чыңдоого жана шаарды туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө экологиялык туруктуулук жана шаардык инфраструктураны модернизациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мэр муниципалитет жылуулук менен камсыздоо, суу менен камсыздоо жана айлана-чөйрөнү коргоо тармактарында эл аралык өнөктөштөр жана донорлор менен активдүү кызматташууну улантып жатканын белгиледи.

Өз кезегинде АКШнын Элчиси   Кыргыз Республикасында долбоорлорду ишке ашырып жаткан эл аралык финансылык институттардын ишмердүүлүгүн колдоону улантарын ырастады, алардын ичинде Азия өнүктүрүү банкы, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк бар.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө шаардык транспорт системасын өнүктүрүү маселелери да козголду. Бишкек шаарынын мэри бул багыт артыкчылыктуу экенин белгилеп, борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана пландар тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да чыңдоого, практикалык кызматташууну өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендигин тастыкташты.

 

Последние новости