www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиядагы клиникалардын биринде комада жаткан аял 27 жылдан кийин көзүн ачып, эсине келди.

Мындан 28 жыл мурда, Араб Эмирлигинин Аль-Айн шаарында окуучуларды ташыган автобус менен жеңил унаа сүзүшкөн. Жеңил унаада Мунира Абдулла, анын 4 жаштагы баласы жана күйөө баласы болгон. Мунира Абдулла кырсык учурунда баласын денеси менен тосуп, баш мээсинен оор жаракат алган. Жергиликтүү ооруканадан жардам көрсөтүлгөн соң, аны Лондонго диагнозун тактоого жиберишкен.

Андан соң, БАЭде орууканага которулуп, физиотерапия жасалып, түтүк аркылуу тамактандырып турушкан.

2017-жылы Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мохаммед бин Зайд аль-Нахайян, анын Германиядагы ооруканалардын биринде дарылануусу  үчүн акча бөлгөн.

Ал эми, 2018-жылдын июнь айында Мунира Абдулла көзүн ачып, үн чыгара баштаган. Дагы 3 күндөн кийин ал баласынын атын айткан. Эсине келген бейтап бир нече күндөн кийин сөздөрдү даана, так айтып баштаган. Учурда Мунира Абдулла дарылануусун Абу-Дабиде улантып жатат.

Учурда, бейтаптын уулу, сүйүнүчү койнуна батпаган Омар Вебер адамдарды жакшылыктан үмүт үзбөөгө чакырууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости