www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
– Сиз 2005- жана 2010-жылдагы революциянын болоорун алдын ала айткансыз. Андан башка да саясий алдын ала божомолдоруңуздун дээрлик баары дал келип жатканы белгилүү. Азыр бийликке таарынган тараптар дагы бир ирет революция кылууну ниеттенишкенсип, коомчулукта бийлик күч менен алмашылат деген сыяктуу маалыматтар тарады.“Көзү ачык”саясий серепчи катары айтыңызчы, быйыл Кыргызстанда революция болушу мүмкунбү?
– “Революция болот экен” деген имиш канча жылдан бери эле коомчулукту аралап жүрөт. Атамбаевдин бийликтеги алты жылында ар жыл сайын кыш келгенде “жазында революция болот”, жай келгенде “күзүндө бийлик алмашат” деген кеп тарап, бул акырында адатка деле айланып калбадыбы. Ошол сыңары эле азыр да бийлик күч менен алмашчудай болгон маалыматтар жаралууда. Менин көз карашымда, революция азыр эмес, 2028-жылы болот.
– Эмнеге 2028-жылы?
– Анткени, ошол жылы менин паспортумдун мөөнөтү аяктайт (күлүп). Бул эми тамаша болду, а чындыгын айтканда нааразычылык толкуну президент Сооронбай Жээнбековдун бийликтеги алты жылы, андан кийин ал ордуна калтырган президенттин да мөөнөтү аяктап, кезектеги президентти шайлоого убакыт келгенде башталат. Анткени, кандын басым сыяктуу элдин да басымы бар. Мен эл аралап жүрөм, кайсы жерге барбайын өлкөнүн саясий турмушуна элдин болгон пикирин, мамилесин байкоого алам. Азырынча элдин басымы нормадан аша элек. Баары жай турмуш менен алектенип, кандайдыр бир төңкөрүш жасап жиберүү ниеттеринен такыр алыс. Мындай учурда аларды күч менен, ал турмак акча менен да көчөгө чыгаруу мүмкүн эмес. Элдин басымы качан көтөрүлөт? Качан гана нааразычылыктар күчөп, топтолуп, сыртка чыгууга жол издеп баштаганда. Ал аз убакыттын ичинде эле топтоло калбайт, көп жылдар керектелет. Бизде кеткен президент ордуна өзү каалаган талапкерди калтырып кетүү өнөкөтү бар. Учурдагы президент өзүнө караштуу адамга бийликти өткөрүп берет. Бул элдин нааразычылыгын жаратат, бирок басымдын көтөрүлүшүнө эртелик кылат. Ал мамлекет башчы да алты жылын иштеп бүтүп кетээринде өзүнүн адамын жетелейт. Мына, ошондо эл жапырт көтөрүлүшү мүмкүн.
– Жакынкы жылдары революция болбойт деп так кесе айттыңыз. Бирок, бийликти күч менен тартып алууга шымаланган күчтөр бардыгы коомчулукка маалым. Эми алар эмне кылышы керек?
– Конституциянын, сөз эркиндигинин негизинде маданияттуу оппозиция болуп, бийликти алууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Кийинки жылы Жогорку Кеңешке шайлоо болот, мына ага катышып, элдин добушун алып, европалыктарча мыйзам жолунда бийликке келсе болот. Бийликке таарынса эле эл чогултуп көчөгө чыгарып, таш ыргытуу менен көздөгөнгө жетүү эски ыкма, аны колдонууга болбойт. Украинада оппозициянын өкүлү Зеленский президенттик шайлоодо элдин эң көп добушун албадыбы, биз дагы ошолордой болуп, революция, майдан-сайданы жок эле шайлоо аркылуу бийликке келүүгө көнүшүбүз керек.
Булак: «Майдан.kg»