www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына карата Ош шаарында иш-чараларды уюшкандыкта даярдоо жана өткөрүү максатында «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган үч айлыктын жыйынтыгы чыгарылды.
Жарыяланган үч айлыктын алкагында, Ош шаарында Мамлекеттик тил күнүн Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драмалык театрында жогорку денгээлде уюштурулуп, мекеме-уюмдардын жана билим берүү мекемелеринин жамааттарынын, студенттеринин катышуусунда майрамдык иш-чара өткөрүлгөн. Анда мамлекеттик тил күнүнө карата китеп көргөзмөлөрү, театралдык көрүнүштөр, чыгармалар, көркөм окуулар жана концерттик программалар уюшутурулган.
Эскерте кетсек, быйыл Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы бүт республика боюнча ар кандай иш чаралар менен белгиленүүдө. Москвада 7-декабрда Президенттин катышуусу менен залкар жазуучунун эстелигинин ачылыш аземи болду.
Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg