www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пилот Стальбек Алымкулов Tengrinews агенттигине берген интервьюсунда Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевди тик учак менен алып жүргөнүн эскерген. Алымкулов 64 жашта. Авиациялык чөйрөдө Аскар Акаевдин жеке учкучу катары таанымал. 40 жылдык тажрыйбасы бар. Алгач учактардын кичи авиациясынан баштап кийин тик учактарга өткөн. Жети жыл Акаевдин жеке учкучу болуп иштеген.

Алымкуловдун айтымында, бортко биринчи адам отурганда бардык пилотторду атайын кызматтын өкүлдөрү текшерип турган.

"Тик учак абага көтөрүлөр алдында сөзсүз түрдө атайын комиссия келип текшерип турчу. Курамы дарыгерлерден түзүлгөн дагы бир комиссия борттогу тамак-ашты текшерчү. Тик учагыбыз кымбат жасалгалуу эмес, жөнөкөй эле болчу", — деди Алымкулов.

Ал ошондой эле VIP-жүргүнчүлөрдү эки борт коштоочу тейлеп турганын айтты.

"Акаев кээде учкучтардын кабинасына кирип келип, бортмеханиктин ордуна отуруп алчу. Ал асманды караганды жакшы көрчү. Анан, албетте, сүйлөшчүбүз. Абдан тарбиялуу жакшы адам, интеллигенттүү окумуштуу да. Дайыма жылмайып турчу. Жерге конгондо "рахмат, балдар" деп колубузду кысчу", — деп эскерди Алымкулов.

Булак: "Спутник"

Последние новости