www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
3 миллион сомду чапчыган “Orbit” сагызын мыйзамсыз ташып келаткандар, Мамлекеттик бажы кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, ЕАЭБ бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чара жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында, Ош областынын Ноокен районуна караштуу Көк-Жар айлында Ы.Б.А. аттуу КРнын жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц 412” үлгүсүндөгү автоунаадан, чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 140 коробка, ар бир коробкада 5600 блок, жалпы 168 000 пачка “Orbit” маркасындагы сагыз табылган.
Кармалган айдоочу ЕАЭБтин бажы аймагына ташып келе жаткан жүк мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.
Эксперттин берген корутундусуна ылайык кармалган товардын орточо базар баасы 3 024 000 сомду түзөт.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каталып материалдар тергөөгө караштылуугу боюнча Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.
Булак: NazarNews.kg