www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук статистика комитети 2019-жылдын II жарымындагы элдин бийликке болгон ишеним индексин жарыялады. Алар билдиргендей, 2019-жылдын I жарым жылдыгына салыштырмалуу II жарым жылдыгында көрсөткүчтөр бир кыйла жакшырган.
Тагыраагы, биринчи жарым жылдыкта Кыргызстандын 26,5%ы ишеним артса, экинчи жарым жылдыкта ишенген кыргызстандыктар 39,6%га жеткен. Жарандардын жеке ишениминин жыйынтыгыда жакшы көрсөткүчкө жетип, мурда 37,2% пайыз болсо, экинчи жарым жылдыкта 39,6%га көтөрүлгөн.
Мамлекеттик аткаруу органдары жана жергиликтүү башкаруу бийликтериндеги коррупциянын деңгээли боюнча жеке индекстеги көрсөткүчтөр да жакшы жагына өзгөргөнү байкалып, биринчи жарым жылдыкта 13,9%ды түзсө, экинчи жарым жылдыкта 14,1% болгон.
Статкомдун маалыматы боюнча, аткаруу органдары менен жергиликтүү башкаруу бийлигинин ишмердиги жаатында да көрсөткүчтөр өсүп 28,9%га жеткен, ал биринчи жарым жылдыкта 27,3% эле. Кыскасы, бийликке болгон жарандардын ишеними жогорулаган.
Нургазы Айтмырзаев
Булак: “De-facto”