www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларусиянын президенти Александр Лукашенко Россия менен кызматташтыкты критикага алып, күйүүчү май жана көгүлтүр от менен Россия Беларусияны “ыңгайсыз абалга” койду деп билдирди.
Цензор.НЕТ маалымдагандай, Лукашенко РФ Беларусияга үстөмдүк көрсөтүп, өлкөнүн суверендүүлүгүнө доо кетирип жатат.
“Бизди күйүүчү май жана көгүлтүр от маселеси боюнча раком койду. Буга эч ким көңүл дагы бурган жок. Урдук мындай союзду”, - дейт Лукашенко.
Россия Беларусияга экспорттолуучу мунайдын жана газдын баасын дүйнөлүк рыноктон жогору кылууга бардык аракеттерди жасады. “Качан биз, бир туугандар! Мындай болбошу керек, бизди кем акыл көрбөгүлө, бул атайын биздин өлкөгө үстөмдүк кылуу үчүн жасалып жатат. Эмнеге Беларусияга каарыңарды көрсөтүп жатасыңар?, - дегенде ...үч тамгадан турган сөздү өзүңөр тапкыла”, - дейт Беларусиянын президенти.
Булак: NazarNews.kg