Гонконгдо медициналык маска үчүн тургундар узун кезекке туруп жатышат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Гонконгдо жергиликүү тургундар дарыканаларда медициналык маскасын алуу үчүн узун кезекке туруп жатышат. Элдин көптүгүнөн улам, суткасына бир адамга эң көп дегенде эки коробкадан ашык маска алууга уруксат берилбей жатат. Буга карабастан медициналык беткаптын баасы 3 эсеге кымбатады. Мындан улам медициналык маскаларды өндүргөн фабрикалардын жумушчулары ишке чыгууга мажбур болушканы маалымдалды.
Белгилей кетсек, буга чейин коронавирус чыккан Ухань шаарынын тургундары соода түйүндөрдө азык-түлүк талашып, мушташып жатышканы маалым болгон. Себеби, Ухань шаарында коркунучтуу илдеттин жайылышы менен жашоочулар үчүн аэропорттор, темир жол станциялары 22-январда жабылган. Көп нерсеге чектөө коюлгандыктан шаар тургундары азык-түлүк талашып, соода түйүндөрдө башаламандык жаралган.
Эске салсак, акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда 830га чукул адам вируска кабылса, алардын ичинен 95и оор абалда, 41 адам каза болгону айтылууда. Аталган оору Тайванда, Түштүк Кореяда, Японияда, АКШда жана Таиландда катталды. Ал эми Сингапур, Гонконг жана Австралияда бул ооруга окшош вирус табылган.
Булак: NazarNews.kg