www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусундагы тоолордун биринде, немец улутчулдарынын логотиби түшүрүлгөн карагайлуу токой өсүүдө. Тагыраагы, мына ошол көрүнүштү чагылдырга сүрөт, ФБдагы “НАРЫНДЫКТАР” тайпасында жарык көрдү. Аны жүктөгөн Фейсбук колдонуучу Бексултан Мамбетов, “Эмне үчүн крест болуп өскөн? Кимде кандай маалымат бар?” деп көпчүлүккө собол салган.
Андагы коментарийлерге таянсак, бул Калинин айылындагы карагайлуу токой. Ал айылда 2-дүйнөлүк согуштан кийин туткундалып келген немистердин бири токойчу болуп эмгектенген. Ошол кезде жергиликтүүлөр анын ишине маани беришкен эмес.
Токой бой тиреп өскөндөн кийин, анын “свастика” түрүндө олтургузулганы вертолеттон байкалган. Мындан соң айыл жаштары карагайларды четинен кыркып башташканда, аларды акылман аксакалдар токтотуп калышканы айтылат.
Булак: NazarNews.kg