www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
31-август — Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу өлкө аймагындагы Калкты тейлөө борборлору иштебейт.
Бул тууралуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси билдирди.
Маалыматка ылайык, шаарлар менен райондордогу Калкты тейлөө борборлору 1-сентябрдан тартып кадимки иш тартибине өтөт.
Ал эми Бишкек шаарындагы Калкты тейлөө борборлорунда 1-сентябрь да дем алыш күнү болот. Алар ишин кийинки күндөн тартып улантат.
Ошондой эле жарандар кызматтардын басымдуу бөлүгүн «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн түрдө ала алышат.