www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Чүй облусундагы таштанды төгүлүүчү жайларда топтолгон калдыктарды Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводго жеткирүү жана андан ары утилдештирүү маселеси талкууланды.

Жумушчу жолугушууга Чүй облусундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук мамлекеттик администрациялардын, айыл өкмөттөрүнүн, шаар мэрияларынын, ошондой эле Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводдун жана катуу тиричилик калдыктарынын санитардык полигонунун өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда таштанды төгүлүүчү жайлардын абалы, топтолгон калдыктардын көлөмү жана курамы, таштандыларды которуштуруп жүктөөчү базаны уюштуруу, логистика жана таштанды чыгаруу тарифтери талкууланды. Ошондой эле калдыктарды сорттоо жана мүмкүн болушунча кайра иштетүү үчүн зарыл шарттарды түзүү маселеси каралды.

Өзгөчө көңүл Чүй облусунун, анын ичинде алыскы райондордун таштандыларын Бишкектеги заводго жеткирүүнүн экономикалык жактан натыйжалуулугуна жана жергиликтүү бийлик органдарынын төлөө мүмкүнчүлүгүнө бурулду.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү завод 2028–2029-жылдары өндүрүштүк кубаттуулугун суткасына 3000 тоннага чейин жогорулатууну пландоодо. Учурда завод суткасына 1300–1500 тонна таштанды кабыл алат. Долбоордо калдыктарды кайра иштетүүнүн эсебинен электр энергиясын өндүрүү да каралган.

Министрликтин маалыматына караганда, бул ыкма ишке ашса, Чүй облусундагы стихиялуу таштанды төгүлүүчү жайлардын санын азайтып, айыл чарба жерлерин бошотууга жана калктуу конуштардын санитардык-экологиялык абалын жакшыртууга шарт түзүлөт.

Жолугушууда таштандыларды башкаруу боюнча жаңы ченемдик укуктук актылар да тааныштырылды. Анын ичинде Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 7-августундагы №525 токтому менен бекитилген катуу тиричилик калдыктарын жайгаштыруу полигондорун долбоорлоо, эксплуатациялоо жана рекультивациялоо боюнча техникалык ченемге көңүл бурулду.

Министрлик жаңы талаптар стихиялуу таштанды төгүлүүчү жайларды жоюуну жана калдыктарды атайын долбоорлорго, курулуш ченемдерине жана техникалык регламенттерге ылайык уюштурулган полигондордо гана жайгаштырууну карай турганын билдирди.

Последние новости