www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токой кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмүнөн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин карамагына өттү. Тиешелүү токтомго 21-августта Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токой кызмат менен бирге Жаратылыш ресурстары министрлигине анын кызматкерлери, каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы өткөрүлүп берилет.
Эми министрлик токойлорду сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу үчүн жооптуу болот.
Анын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр да кирет:
Кайра уюштуруудан кийин Жаратылыш ресурстары министрлигинин чектелген штаттык саны 2 миң 136 бирдикти, ал эми ӨКМдики — 5 миң 122 бирдикти түзөт. Бул сандарга борбордук аппараттар, аймактык жана ведомстволук түзүмдөр кирет.
Эскерте кетсек, буга чейин Токой кызматы Айыл чарба министрлигинин карамагында болчу. 2024-жылдын мартында ал ӨКМге өткөрүлүп берилген.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын июнь айында Жогорку Кеңештин депутаттары Токой кызматын кайрадан ӨКМдин түзүмүнөн чыгарууну сунушташкан. Алар ӨКМге өзгөчө кырдаалдар менен да, токой чарбасын өнүктүрүү менен да бир убакта алектенүү татаал экенин белгилешкен. Өзүнчө агенттик түзүү да талкууланган, бирок жыйынтыгында кызмат Жаратылыш ресурстары министрлигине өткөрүлдү.