www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын калкы 1991-жылы 625 миӊ адам болсо, азыркы кʏндѳ 950 миӊден ашуунга ѳскѳн. Бул «пропискеси» жокторду эсептебегенде. Бишкекте жашап, бирок паспортторунда башка жерде катталгандарды жана утурумдуу мейманчылап келгендерди кошкондо  миллиондон эбакта ашып кеткен. Алдын-ала маалымат боюнча 2025-жылы 1 млн 200 миӊ болушу да кʏтʏлѳт. Шаар калкынын ѳсʏшʏ жана унаалардын кѳбѳйʏшʏнѳ байланыштуу Бишкек мэриясы менен шаардык кеӊеши тарабынан метро куруу пландалган.

Орусиялык метро куруучулардын пикиринде шаар астындагы таштуу тек жер астындагы метрополитен курууга ыӊгайлуу. Бирок каражат ʏнѳмдѳѳ максатында линиялар жер ʏстʏндѳ гана кетет. Москванын Бутово линиясына окшош жалпы узундугу 14,8 чакырым эки линия курулушу мʏмкʏн:

1-линия. Ыктымалдуу бекеттер: «12-кичирайон», «Асанбай», «Сʏйѳркулов», «Медеров», «Бекет», «Борбор», «Телемунара», «Каражыгач», «Дордой базары».

2-линия. Ыктымалдуу бекеттер: «Учкун», «Аламедин», «Чʏй», «Чыгыш», «Борбор», «Спорт сарайы», «Илимдер академиясы», «Ош базары», кийинчерээк «Дэн Сяопин», «Батыш».

Курулуш 444 млн АКШ долларын тʏзѳт. Долбоорго чет элдик инвесторлор тартылат.

Кокус курулуп калса Бишкек жеӊил метросу Борбордук Азияда Ташкент, Алматы метросу жана Астана жеӊил метросунан кийин 4-метро болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости