www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бети калың «Бульдозерди» ким тыят?

Буга чейин Бекназаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартып эле тим болбой, аны кустуруу керектигин мындан 4 ай мурда курултайда айтып чыккан.

7-октябрда болсо маалымат жыйын өткөрүп анда, кайра АШАны үй камагына чыгарууну сунуш кылды. Анын логикасына таянсак, элди эзип, мамлекетти сызга олтургузгандар түрмөгө камалбашы керек экен. Үй камагында гана жылуу-жумшак отуруп, кааласа тергөөчүлөргө сурак берсе болот имиш. Бекназаровдун бул айткандары анын 4-5 ай мурдагы позициясына такыр каршы келет. Күн карама болуп буткөн бул «эски элита» элди карап бирди, тигил «элиталарды» карап дагы бирди айтып турмай ооруга чалдыкты.

Анткени, дал ушул Азимбек мырза АШАнын тагдыры кейиштүү болорун, аны жоопко тартууну талап кылып келген. Эми мыйзамга баш ийбей, бийлик өкүлдөрүн барымтага алып, бир спецназды өлтүрүп, ондогон жарандарды жарадар кылган Атамбаевди коргоп жатат. Азимбек мырзанын мындай кубулушуна баягы эле “кызыл кекиртек” себеп болгон дешет. Кызык, Бекназаров АШАны коргоп чыгуу үчүн андан дагы акча алып койгонбу?..

Тауман Байсултанов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости