www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Новосибирсктеги массалык мушташ боюнча 25 кыргызстандык кармалып, кийин алардын баары кое берилди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Новосибирск шаарындагы массалык мушташ, атышуу боюнча “бейбаштык” жана “акча талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Тартип коргоочулары 25 кыргыз жаранын кармап, кийин кайра кое беришкен. Ошондой эле жабырлануучу 5 адамга жардам көрсөтүлүп, алардын экөөсү ооруканага жаткырылган. Окуя болгон жерде Кыргызстандын ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгү жана элчиликтин кызматкерлери иш алып барып жатышат.

Орус басылмаларынын маалыматына ылайык, Кыргыз жараны Новосибирсктеги базарда иштеген ишкерлерден пара талап кылып келген. Кыргыз жараны Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандык адам өзүнүн мекендештеринен акча талап кылып жүргөн. Жабырлануучулар мурунку жердешинен өч алууну чечип, анын унаасын өрттөп жиберишкендигин маалымдаган.

Эске салсак, кечээ, 7-октябрда Орусиянын Новосибирск шаарындагы Хилок базарында 200дөй адам катышып, ок атылган окуя катталган. Окуя болгон жерге полиция жана ОМОН тартылып, жалпысы 50 киши кармалган. Мушташка Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары катышкан.

Хилок базары – жалпы Сибирдеги жашылча-жемиш сатылчу эң чоң базарлардын бири.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости