www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн жаңы бланкалары, ошондой эле транспорт каражаттары тууралуу документ өлкө жарандарына жеткиликтүү болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы үлгүдөгү бланкаларды киргизүү боюнча өткөн кеңешмеде билдирди.
Өкмөт башчы мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланкаларды – жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жарыяланган тендердин жыйынтыгы боюнча «Госзнак» ЖЧКсы жеңүүчүлөрдүн бири болгонун белгиледи.
Маалымдама: Мурда улуттук үлгүдөгү күбөлүктүн бланктары курс боюнча 925 сом (12 евро) турчу, азыр алардын баасы 100 мом 86 тыйын. Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланкынын баасы 577 сомдон (7,5 евро) 52 сомго чейин арзандады.
Жаңы улуттук жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр 2019-жылдын ноябрь айынын аягында берилип баштайт.
Белгилей кетсек, транспорт каражаттарын каттоо боюнча жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр 2019-жылдын 26-июлунда бериле баштаган. Ата мекендик компания – «Госзнак» ЖЧКсы менен келишим түзүлгөндүгүнө байланыштуу, бланканы сатып алуу чыгымы азайды. Эгерде буга чейин жөнөтүүчү менен түзүлгөн келишимге боюнча бланка 770 сом (10 евро) деп бааланып келсе, бүгүнкү күндө ал 192 сомду түзүүдө.
Булак: NazarNews.kg