www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ТЭЦине жалпы керектөө 1 млн 140 миң тонна, учурда Бишкек жылуулук электр борборуна 193 миң тоннадан ашыгыраак таш көмүр келип түштү. Ал тапта көмүр ташуудагы коррупциялык схема жоюлбай жатат деген сындар айтылууда. 400 миң тонна Д маркасындагы көмүр Казакстандан алынат. Калган 680 миң тонна Кара-Кечедөн, Таш-Көмүрдөн 60 миң тонна келет. ТЭЦке Кара-Кечеден 177 миң тоннасы жетти. Казакстандан 16 миңден ашык тоннасы алынды.

Мына ушул Казакстандан алынып жаткан көмүр быйыл да чуу менен коштолууда. Кыргызстан ишкерлер биримдиги тендерди жокко чыгарып, кайра жарыялоону талап кылууда. Анын аткаруучу директору Эрлан Эрешеевдин айтымында, тендерди уткан "КонтактУглеПром" компаниясынын сунуштаган баасы калган компаниялардыкынан 60 млн сомго кымбат экенине карабай тандалган.

Эрешеев ал компания техникалык жана квалификациялык талаптарга толук жооп берген эмес дейт. Анын айландырган акчасы да жок болуп чыккан. Ушул багыттагы тажрыйбасы да болуш керек.

Эрешеев: "Биз бул тендерде коррупциянын элементтери жана жыйынтыкка таасир эткен кызыктар тарап болушу мүмкүн деп жатабыз. Алып келинчү көмүрдүн баасы бир млрд 420 млн сом. Бул Кыргызстандын аймагындагы эң ири тендерлердин бири болуп саналат. Биз тендердин жыйынтыгы алдын ала белгилүү болуп, жасалма өткөрүлгөн деп ойлойбуз", - дейт

Тендерге августта "ТОО AB Energo", "COMCO Marketing KZ", "Qiyaqty Komir Market", "КонтактУглеПром" и "Бишкеккөмүр Соода Үйү" аттуу беш компания катышкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости